Казакстанда
транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнүн жол кыймылын уюштуруу эрежелерине
өзгөртүүлөр киргизилди. Сенат экинчи окууда тиешелүү мыйзамды ага байланыштуу
өзгөртүүлөр менен жактырды. Аларга ылайык, эми мопеддер механикалык унааларга
теңелет. Эми алардын ээлери транспортту каттоого
гана эмес, айдоочулук күбөлүккө да ээ болушу керек. A,
B, C
категориялары бар мындай документтер болгон учурда автоматтык түрдө мопеддерди
башкарууга мүмкүндүк берген А1 субкатегориясы да ыйгарылат.
Евгений Больгерт, Парламент Сенатынын
депутаты:
- Каралып
жаткан мыйзам жол кыймылын уюштуруу маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө
багытталган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Президент тарабынан
коюлган милдеттерди олуттуу чечүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейм. Негизги
мыйзам 3 мыйзам актысына, анын ичинде Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза
кодексине жана Казакстан Республикасынын «Жол кыймылы жөнүндө» жана «уруксаттар
жана билдирүүлөр жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүүнү карайт. Кылмыш-жаза кодексине мопеддердин «башка механикалык
транспорт каражаттары» түшүнүгүнө байланыштуу өзгөртүү сунушталууда.
Мындан тышкары,
депутаттын айтымында, республикалык жана эл аралык маанидеги трассаларда «орточо
ылдамдык» түшүнүгү киргизилет. Ал автоматтык түрдө приборлор болуп эсептелет.
Бул жаңылык айдоочулардын белгиленген ылдамдыкты сактоосун контролдоонун
кошумча каражаты катары кызмат кылат.
Евгений Больгерт, Парламент Сенатынын
депутаты:
- Мында «орточо
ылдамдык» аталган приборлор жана каражаттар менен автоматтык түрдө айланып
өтүүчү жолдор жок шаар четиндеги жана түз сызыктуу жол участокторунда гана
эсептелет.
Которгон: Назира Бегалиева