Казакстандын ШКУнун төрагалыгы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Касым-Жомарт Токаев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Жолугушууда президент Эмомали Рахмонго ШКУнун саммитине өзгөчө катышкандыгы жана расмий Астананын демилгелерин ар дайым колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгынын айрым маселелерин карашты.
Инвестиция, өнөр жай, энергетика, транспорт, логистика тармагындагы кызматташуу маселеси Касым-Жомарт Токаевдин Илхам Алиев менен жолугушуусунда талкууланды. Тараптар Транскаспий эл аралык транспорт каттамын натыйжалуу пайдалануу маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Азербайжандын президенти Баку мамлекеттер аралык мамилелердин бардык тармактарында Астана менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө умтуларын ырастады. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков