Транспорттук-логистикалык
тармак мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө болот. Касым-Жомарт Токаев аймактык
жүк ташуучу авиахабдарды өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бүгүнкү күндө өлкө аркылуу
жүк ташуу авто же темир жол транспорту аркылуу ишке ашырылууда. Серепчилердин божомолу боюнча, дүйнөдө авиа жүк ташуунун үлүшү жыл
сайын өсөт. 2040-жылга чейин жүк ташуучу авиакаттамдардын 20% Азия - Европа багыты боюнча ишке
ашырылат, ошондуктан өлкө мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, мультимодалдык
логистикалык каркас түзүшү керек. Белгилей кетсек, Казакстанда толук кандуу
авиахабдар негизги аэропорттордун базасында түзүлөт.
Ошондой эле, мамлекет башчысы 3 жылдын
ичинде авиациялык күйүүчү май өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү тапшырды. Мындан тышкары, республикада авиациялык
илимий-изилдөө институту жана күйүүчү майды сертификациялоо лабораториялары
пайда болушу керек. Казакстанда жакында биринчи Улуттук жүк ташуучу
авиакомпания да иштей баштайт. Ал эми аны жана башка транспорттук компанияларды
колдоо үчүн президент өкмөткө 25 жаштан ашкан жүк ташуучу учактарды
пайдаланууга чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мисалы,
америкалык FedEx авиакомпаниясынын учактарынын орточо пайдалануу жылы 28ди түзсө, британиялык One Air компаниясынын учактарыныкы орточо 33
жылды түзөт.
Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө авиация тармагында кадрларды
даярдоо системасын реформалоо боюнча чараларды көрүүнү, эл аралык илимий окуу
жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана компетенция борборлорун ачууга
көңүл бурууну да тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

