Казакстан менен Словения кызматташтыгын кеңейтет

Казакстан менен Словения кызматташтыгын кеңейтет

Жалган куран айынын 31де Казакстанга Словениянын Президенти Наташа Пирц-Мусар расмий сапар менен келет. Анын алкагында Президент Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара кызматташуунун негизги маселелерин талкуулоо пландаштырылууда. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы билдирди. Эки өлкө ортосундагы ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Казакстан-Словения бизнес-форуму өтөт.

Которгон: Сезим Шейшеналиева