Бүгүн мамлекет башчысы транспорт тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бүгүнкү күндө тармакта 770 миңден ашуун адис эмгектенет. Касым-Жомарт Токаев аларды өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткан чыныгы эмгек адамдары деп атады, ал эми транспорт каражаттарын – экономиканын кыймылдаткыч күчү, өсүп-өнүгүүнүн кепили десек аша чапкандык болбой турганын айтты. Казакстан – Евразиядагы негизги транзиттик хабдардын бири. Учурда Транскаспий эл аралык транспорттук багыты активдүү өнүктүрүлүп жатат. Бул – Кытай, Борбордук Азия жана Европа арасында товар жеткирүүнүн түз жолу. Былтыр Сиань шаарында транспорттук-логистикалык борбор ачылды. Азыр Казакстандын аймагы аркылуу өтүүчү коридорлордун инфраструктурасын бара-бара жакшыртуу колго алынды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Жакынкы убакта өлкөбүздөгү темир
жолдун узундугун кыйла көбөйтүү көздөлүүдө. Он бир миң чакырым темир жолду
оңдоо иштери улантылат. Жаңыдан 5 миң чакырым жол салуу жана аны жаңылоо
пландаштырылууда. Азыр Транс-Казакстан темир жол коридору масштабдуу долбоору
колго алынды. Менин тапшырмам менен узундугу 323 чакырым болгон «Мойынты –
Кызылжар» темир жолу салынып жатат.
Касым-Жомарт
Токаевдын пикиринче, дагы бир маанилүү багыт – унаа жасоо сектору. Дүйнөнүн эң
алдыңкы компанияларын тартуу менен жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү актуалдуу.
Астанадагы электровоз кураштыруу ишканасында жүк жана жүргүнчүлөрдү ташыган
электровоз менен кошумча бөлүктөр чыгарылат. Мамлекет башчысы аба каттамдарын
өнүктүрүү транспорт саясатындагы башкы милдеттердин бири экенин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Дагы бир маанилүү милдет – аба жүк
ташууларын өнүктүрүү жана Казакстандын аймактагы алдыңкы авиациялык хаб катары
калыптанышы. Өкмөт улуттук жүк ташуучу авиакомпаниясын түзүү боюнча планын
жарыялады. Жалпысынан, өлкөдөгү жарандык авиацияны жана аба аркылуу жүк ташууну
өнүктүрүү маселеси транспорттук кызмат катары гана каралбайт. Анын масштабы
алда канча кеңири. Бул – өлкөнүн экономикалык өсүшүнө, эл аралык аренадагы
ордуна жана эгемендүүлүгүнө түздөн-түз таасир этүүчү стратегиялык вектор.
Салтанаттуу
жыйында Касым-Жомарт Токаев тармактын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн бир
катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

