Астанада БУУнун 80 жылдыгы белгиленди

Астанада БУУнун 80 жылдыгы белгиленди

Казакстанда БУУнун 80 жылдыгына карата почта маркасы чыгарылды. Анын бет ачары Астанада өттү. Аны түзүүгө жергиликтүү сүрөтчүлөр жана уюмдун адистери катышты. Иштеп чыгуучулар белгилегендей, почта маркасы Уюмдун негизги максаттарын – тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү символдоштурат. Маркада казак оймо-чиймелери да чагылдырылган.


Эскерте кетсек, Казакстан БУУга 33 жыл мурда мүчө болгон. Ушул убакыт аралыгында өлкө уюм менен жемиштүү кызматташып келет. Казакстан БУУнун Уставына, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жана принциптерине бекем турганын мамлекет башчысы баса белгилейт. Мааракелик 80-сессияда БУУнун Башкы Ассамблеясында Касым-Жомарт Токаев глобалдык чакырыктарга каршы турууда Уюмдун маанисин дагы бир жолу белгиледи. БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору Саранго Раднарагча туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин баса белгиледи. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө республикада БУУнун 27 агенттиги жана мекемеси иштейт. Мындан тышкары, Алматы шаарында БУУнун Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аймактык борбору иштейт.


Скендер Сыла, ДССУ Казакстандагы өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси:


- Казакстан менен кызматташтыгыбыз абдан жакшы өнүгүп жатат. Сиздердин өлкө көптөгөн демилгелерде лидер болуп саналат. Казакстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатында кызматташып, башка дагы долбоорлорго катышууда. Алар айлана-чөйрөнү коргоо, эне жана баланын ден соолугу, социалдык маселелер, балдардын укуктары, аялдардын укуктарын кеңейтүү маселелерине арналган. Арал деңизи боюнча дагы долбоор бар. Аны жакынкы жылдары ишке ашырууну пландаштыруудабыз. Ага Өзбекстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү дагы катышат. Анын максаты – адамдардын ден соолугуна түздөн-түз таасир этүүчү экосистеманын абалын жакшыртуу.


Иш-чаранын жаркын жыйынтыгы "Глобалдык максаттар үчүн музыка" концерти болду. Анда казакстандык жана чет элдик композиторлордун классикалык жана заманбап чыгармалары жаңырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков