Казакстан менен Швейцария кызматташтыкты бекемдейт

Казакстан менен Швейцария кызматташтыкты бекемдейт

Швейцария – Казакстандын Европадагы эң маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. 2020-жылы аталган өлкө Казакстанга тартылган түз чет элдик инвестициянын көлөмү боюнча 3-орунду, ал эми эки тараптуу соода көлөмү боюнча 10-орунду ээлеген. Тараптар өкмөттөр аралык, парламенттер аралык жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, түрдүү тармактарды камтыган кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Мухтар Тилеуберди, РКнын Премьер-Министринин орун басары, Тышкы иштер министри:

- Быйыл президентибиз Касым-Жомарт Кемелулы Токаев Швейцария Конфедерациясына расмий сапар менен барат. Эки мамлекет башчыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Биз швейцариялык кесиптешибиз менен экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыгыбыздын дараметин жана актуалдуу эл аралык маселелер боюнча позициябызды талкууладык. Бул биринчи кезекте Ооганстанга байланыштуу экени түшүнүктүү. Биз ошондой эле ар кандай эл аралык структуралардын жана уюмдардын алкагында өз ара кызматташуунун жолдорун талкууладык.

Игнацио Кассис, Швейцария вице-президенти, Тышкы иштер министри:

- Эки тараптуу мамилелерибиз жогорку деңгээлде. Соода жана саясий жаатында өз ара аракеттенүүбүздүн көп жылдык тарыхы бар. Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм! Швейцария Казакстандын экономикасындагы үчүнчү ири инвестор жана туруктуу шартта биз андан да көп инвестиция сала алабыз. Бизде Бреттон Вуд Институту, Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду багыттары боюнча биргелешип аткарган иш тажрыйбабыз бар. Андыктан азыркы кезде жана келечекте кызматташтыгыбыздын негизи калыптанган.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир нече келишимдерге кол коюлду. Алардын көбү экономиканын ар кандай тармактарында кызматташууга багытталган.

Андре Пардо, Фармкомпаниянын европа боюнча вице-президенти:

- Сиздердин президент жарыялаган жаңы экономикалык чаралар экономиканын туруктуулугу менен атаандаштыкка жана калыптуу өсүшкө алып келет деп ишенем. Ал эми бул саламаттыкты сактоо тармагына көбүрөөк инвестиция салууга мүмкүндүк берет. Казакстан элинин ден соолугун жана жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн биргелешип заманбап, жеткиликтүү жана жогорку сапаттуу дарыларды өндүрө алабыз. Өзүңүздөр вакцинаны ойлоп таап, чыгарып жаткандарыңыз жана аны жарандар алып жатканы абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков