Казакстанда «Мыйзам тартиби» жаңы санарип кызматы ишке кирди

Казакстанда «Мыйзам тартиби» жаңы санарип кызматы ишке кирди

Өлкөдө президент тарабынан жарыяланган «Мыйзам жана тартип» жумалыгынын алкагында ушундай эле аталыштагы жаңы санариптик кызмат ишке кирди. Эми жарандар укук бузуулар тууралуу түздөн-түз Egov Mobile тиркемеси аркылуу милицияга кабарлай алышат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, арыз берүү жөнөкөй жана түшүнүктүү. Сигнал дароо укук коргоо кызматкерлерине түшөт. Окшош баскычтар кээ бир банктык тиркемелерде да бар. Бул кызматты кеңири аудиторияга жеткиликтүү кылат. Система күнү-түнү иштейт жана арыздар өлкөнүн бардык аймагында кабыл алынат.

Которгон: Назира Бегалиева