«Казакстан чет элдик маалымат каражаттарынын көзү менен». Азербайжандын, Вьетнамдын, Испаниянын, Италиянын, Канаданын, Малайзиянын, Өзбекстандын жана Эфиопиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн Казакстан тууралуу басылмалары жана репортаждары калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылды. Республиканын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, калыстар тобунун кароосуна дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 70тен ашык материал келип түшкөн. Бул республикага болгон кызыгуунун дүйнөдө өсүп жатканын көрсөтүп турат. Кошумчалай кетсек, аталган эл аралык сынак тиешелүү бөлүмдө быйыл 8-ирет өтүп жатканы айтылды. Чет элдик журналисттер эстелик сыйлыктардан тышкары маданий-тарыхый жайларды кыдырып, республиканын негизги кооз жерлери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Суан Нгуен, Вьетнам мамлекетинин
кабарчысы:
-Мен бул сынакта жеңишке жеткениме
абдан кубанычтамын. Мунун аркасында Казакстандын жаратылышынын кооздугун өз
көзүм менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул сапардан кийин мен Казакстан,
анын туризми, жаратылышы тууралуу дагы макалаларды жазып, өлкөңүздөргө келүүнү
каалаган вьетнамдык туристтердин саны көбөйөт деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков