Казакстанда
аскердик-патриоттук билим берүүнүн бирдиктүү системасын түзүү пландалууда. Бул
үчүн Координациялык кеңештер түзүлөт. Алар Армиянын позитивдүү имиджин түзүү
менен алектенишет. Мындан тышкары, өлкө аскердик даярдыкка ийкемдүү мамиле
жасоону көздөөдө. Аскерге
милдеттүүлөр жашаган жери боюнча акы төлөнүүчү курстардан өтө алышат. Бүгүн
Мажилис аскердик-патриоттук тарбия берүү боюнча мыйзам кабыл алды. Документ
Сенаттын кароосуна жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна ылайык, аскерге чакыруунун өзү
да жөнөкөйлөтүлөт. Аскердик каттоо автоматташтырылып, кызматты кийинкиге
калтыруу үчүн негиздер кайра каралат. Мыйзам
долбооруна түзөтүүлөр киргизилет, анда мамлекетти коргоо буйрутмасы боюнча
ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өнөр жай министрлигинен Коргоо министрлигинин
карамагына өткөрүп берүү каралган. Негизинен Мажилисте баса белгиленген мыйзам
чыгаруудагы жаңычылдыктар, аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга
багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

