Казакстан менен Руанда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Казакстан менен Руанда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Мамлекет башчысы Руанда Президентинин атайын өкүлү Жан Поль Ньирубутаманы кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев Руанда тарапка Казакстан менен көп пландуу өнөктөштүктү бекемдегени үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин виза талаптарынан бошотуу боюнча эки мамлекет ортосунда кечээ кол коюлган келишимди жогору баалады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков