Казакстан аймактык инвестициялык хаб катары өз макамын бекемдөөдө

Казакстан аймактык инвестициялык хаб катары өз макамын бекемдөөдө

Казакстан өткөн жылы 20 миллиард доллардан ашык түз чет элдик инвестиция тартты. Өлкө Борбор Азиянын негизги инвестициялык хабы катары өз позициясын бекемдеди. Республиканын үлүшүнө регионго келген бардык инвестициялык агымдын 70% чейинкиси туура келет. Экспорттук жана ишкердик дараметтин өсүү келечеги экспорттук-насыялык агенттиктин жана инвестициялык камсыздандыруучулардын эл аралык бирикмеси болгон Берн биримдигинин Астанада башталган жазгы жыйынында талкууланды. Казакстандын борборуна дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүнөн 240ка жакын делегат чогулду. Премьер-министр Олжас Бектенов жыйындын катышуучуларына ишкердик климатты өнүктүрүү, стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде серепчилер казакстандык финансылык механизмдер экспорттук каржылоонун глобалдык системасына интеграцияланышы мүмкүн экенин белгилешти. Бул максаттарга жетүү үчүн маанилүү кадам. Мисалы, 2030-жылга чейинки соода саясатынын концепциясынын алкагында Казакстан чийки эмес экспортту 52 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү көздөөдө.


Юичиро Акита, Берн биримдигинин Экспорттук-насыялык агенттиктер ассоциациясынын президенти:


Казакстандын дарамети чоң жана бүгүнкү күндө инвесторлор үчүн келечектүү долбоорлорду каржылык жактан жагымдуу кылуу өзгөчө маанилүү. Бул үчүн мамлекет менен жеке сектордун тыгыз кызматташуусу зарыл. Бул процессте KazakhExport жана «Байтерек» холдинги Берн биримдигинин мүчөлөрү үчүн негизги өнөктөштөр болуп, Казакстанга каржы тартууга жардам беришет. Айрыкча критикалык минералдар, энергетика жана инфраструктура менен байланышкан багыттар кызыктуу. Мындан тышкары, Казакстан дүйнөлүк өзөктүк өнөр жайы үчүн да маанилүү ролду ойнойт.


Инвесторлордун көңүл чордонунда - сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү, энергетика, анын ичинде атомдук энергетика, ошондой эле - санариптик технологиялар. Адистердин пикиринде, Казакстан аймакта дал ушул багыттар боюнча күчтүү позицияга ээ. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун баалоосу боюнча, өлкө инвестициялык тобокелдиктердин орточо деңгээлин сактап турат, бул чет элдик өнөктөштөрдүн кызыгуусун колдоого мүмкүндүк берет.


Сильвия Гаворникова, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун Экспорттук насыялар жана атаандаштык бөлүмүнүн жетекчиси:


- KazakhExport эл аралык сүйлөшүүлөргө катышуу, тажрыйба алмашуу жана мыкты практикаларды киргизүү боюнча аймактагы лидерлердин бири болуп калды. Биздин катышуучуларыбыздын, сатып алуучулардын да, инвесторлордун да Казакстанга болгон кызыгуусу өсүп жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан өлкө үчүн эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берүү өзгөчө маанилүү. Экспорттук-насыя берүү жаатында Казакстан буга чейин эле ушундай ишти көрсөтүп жатат деп айта алам.


Которгон: Илгиз Жамалбеков