Австриянын Борбордук Азия менен болгон соода жүгүртүүсүнүн 80% ашыгы Казакстанга туура келет

Австриянын Борбордук Азия менен болгон соода жүгүртүүсүнүн 80% ашыгы Казакстанга туура келет

Казакстан Австриянын Борбордук Азиядагы негизги экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өлкө Венанын бүткүл аймак менен болгон соодасынын 80% ашыгын түзөт. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевдин Австриянын федералдык министрлери — Беате Майнль-Райзингер жана Герхард Карнер менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Мамлекет башчысы Вена Астана үчүн ишенимдүү жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөш бойдон кала берерин баса белгиледи. Австриялык инвесторлор Казакстандын экономикасына буга чейин 3 миллиард доллардан ашык инвестиция салышкан. Дипломатиялык паспорт ээлери үчүн визасыз жүрүү келишими жана бугу айынын 1де күчүнө кирген кайра кабыл алуу келишими да кызматташууга кошумча түрткү берет. Австрия тарап өз кезегинде Казакстанды аймактагы негизги өнөктөш деп атап, экономикада гана эмес, миграцияда, коопсуздукта жана эл аралык иштерде да кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков