Баш оона айында Атырау облусундагы интеграцияланган газ химиялык комплексинде өндүрүштү ишке киргизүү көздөлүп жатат. Учурда ишке кошуунун биринчи этабы аяктады. Бүгүнкү күндө ишкана технологиялык объектилерге пропан берип турат. Ал эми катализаторду реакторлорго жүктөө ушул жумада ишке ашат. Ал толук кандуу ишке кирсе, жылдык кубаттуулук 500 миң тонна полипропилен өндүрүүгө жетет. Биринчи этапта 11 түрдүү өнүм чыгарылса, келечекте алардын санын 65ке жеткирүү көздөлүп жатат.
Садуакас Мералиев, долбоор кеңешчиси:
- 200 миң тонна полипропиленди кайра иштетүүчү 20-25 завод курууга болот. Курулуш материалдарын, автоунаа жыйноочу, жеке турмуш-тиричилик буюмдарын чыгарууга мүмкүн. Ушундай завод-фабрикалар курулса, президент берген тапшырманы аткардык деп ойлойбуз. Атайын экономикалык аймактын өкмөт тарабынан чыгарылган мыйзамы боюнча айрым жеңилдиктери бар. Алар салык, импорттук алым жагынан каралган.
Казакстандын биринчи газ-химиялык комплекси атайын экономикалык аймакта 3,5 миң гектар жерди ээлейт. Бул жааттагы эң чоң долбоор дүйнөдөгү эң алдыңкы ондукка кирүүсү мүмкүн. Адистердин айтымында, ишкана экспортко сапаттуу өнүм чыгарып, өлкөнүн ички рыногундагы полимер өнүмдөрүнө болгон суроо-талапты толук камсыздайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков