Казакстан 2025-жылга карата газдын тартыштыгына кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министри Мажилисте өткөн өкмөттүк саатта билдирди. Болат Акчулаковдун айтымында, өлкөдө жаратылыш газын керектөө жыл сайын орто эсеп менен 7%га өсүүдө. Муну 2017-жылдан 2021-жылга чейинки статистика тастыктайт. Бул мезгилде газды керектөө 35 пайызга, тагыраагы 13төн 18 жарым миллиард кубометрге чейин өскөн. Тармак жетекчиси КМШ өлкөлөрүнүн ичинен өлкө газдын кору боюнча Орусия менен Түркмөнстандан кийинки 3-орунда турганы менен, бааларды чектөө саясаты аталган тармактын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын белгиледи. Болат Акчулаковдун айтымында, учурда өлкөдө көгултүр отундун баасы дүйнөдөгү эң төмөн баалардын бири болуп саналат. Ал эми бул келечекте өлкө импорттук ресурстарга көз каранды болуп калышы мүмкүн экенин көрсөтөт.
Болат Акчулаков, Казакстандын энергетика министри:
- Министрлик өкмөткө жер казынасын пайдалануучулардан сатып алуу баасын 2024-жылга чейин токтото туруу сунушун киргизди. Бул чара өлкөнүн социалдык жактан аялуу жарандары үчүн товардык газдын максималдуу дүң баасын ооздуктоого жардам берет. Улуттук оператордун финансылык туруктуулугун колдоо үчүн дүң баанын акырындык менен өсүшүн эске алуу менен узак мөөнөттүү баа жана тариф саясатын жүргүзүү зарыл. Буга байланыштуу министрлик «КазакГаз» менен биргеликте керектөөчүлөрдүн жаңы категорияларын: ири коммерциялык керектөөчүлөрдү жана санариптик майнинг менен алектенген жеке адамдарды мыйзамдык жактан киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Министр бул чара улуттук оператордун кошумча чыгымдарын топтобостон калктын, анын ичинде социалдык аялуу катмардын жана социалдык маанилүү өндүрүштүк керектөөчүлөрдүн баасын ооздуктоого жардам берээрин билдирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков