Казакстан
Курык портун өнүктүрүүнү көздөп жатат. Индустрия жана инфраструктураны
өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, буга Бириккен Араб Эмираттарынын
компаниясы жардам берет. Келишимге бүгүн кол коюлду. Тараптар маанилүү
транспорттук-логистикалык демилгени ишке ашыруу Борбор Азиядагы экспорттук
каттамдарды өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешүүдө. Тактап айтканда, документ
дан терминалын жана «Саржа» көп функционалдуу деңиз терминалын куруу боюнча
кызматташууну карайт. Бүгүнкү күндө болочок терминалдын аймагында эки порттун,
кирүүчү темир жол линияларынын жана жалпы жүк ташуучу станциясынын курулушу
аяктады. Жакын арада алгачкы товарларды алмаштырып жүктөө күтүлүүдө.
Серепчилердин айтымында, долбоорду ишке ашыруу Транскаспий эл аралык
транспорттук каттамдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 10 миллион тоннага
жогорулатат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков