Казакстанда 1,5 миң инвестициялык долбоордон турган пул
түзүлдү. Алардын наркы 87 триллион теңгеге бааланууда. Бул тууралуу Президент
Касым-Жомарт Токаевге «Байтерек» улуттук инвестициялык холдингинин башкарма
төрагасы баяндады. Рустам Карагойшин холдингдин жаңы иш моделин сунуштады – ал «Инвестицияга
буйрутма» түзүүнү, ири стратегиялык долбоорлорду коштоону жана чет элдик инвестицияларды
тартуу механизмдерин өнүктүрүүнү карайт. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет
башчысы инвестицияларды тартуу жана экономиканын реалдуу тармагын каржылоо
көлөмүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Рустам
Карагойшин, «Байтерек» Улуттук инвестициялык холдингинин башкарма төрагасы:
- Жолугушуу учурунда мен «Байтерек» холдингинин
2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө айтып бердим. Холдинг
тарабынан экономиканы колдоонун жалпы көлөмү 9 триллион теңгени түздү.
Каражаттар чакан жана орто бизнестин 25 миң долбоорун колдоого багытталган.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысына «Даму» фондунун базасында түзүлгөн эки
кепилдик фондунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

