Казакстан менен Өзбекстандын соода жаатында кызматташтыгы артууда

Казакстан менен Өзбекстан орто мөөнөттүү келечекте соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Бул үчүн ишкердик кызматташууну кеңейтүү аркылуу чоң дарамет бар. Өткөн жылы өлкөлөр АКШ валютасында 4,5 миллиард соода алмашкан. Учурда Өзбекстанда казакстандык капиталдын катышуусунда миңден ашуун компания ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми биргелешип түзүлгөн ишканалардын саны боюнча республика Өзбекстандын алдыңкы 3 өнөктөш өлкөнүн катарына кирет. Өз кезегинде коңшу мамлекет Казакстанга жашылча-жемиштердин негизги жеткирүүчүсү болуп саналат. Мындан тышкары, республикалардын ортосундагы соода мамилелерин кеңейтүүнүн бир аспектиси чек арадагы кызматташтык болуп саналат. Аны өнүктүрүү үчүн өнөр жай кооперациясынын эл аралык борбору түзүлөт. Ал жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө түрткү берет жана товарларды андан ары экспорттоо үчүн логистикалык кызматтарды көрсөтөт.

 

Акрамжон Неьматов, Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана региондор аралык изилдөөлөр институту мүлкүнүн биринчи орун басары:


Биз өз ара сооданы, башкача айтканда, товар алмашууну гана өнүктүрбөстөн, өз ара аракеттенүүнүн жаңы деңгээлине чыгып жатабыз. Бул өз ара аракеттенүүнүн өндүрүштүк-технологиялык деңгээлиАнда биз ишканаларды түзүп жатабыз. Ошондой эле биргелешип кошумча нарк түзөбүз. Биз өзүбүздүн атаандаштык артыкчылыгыбызды колдонобуз. Мисалы кимдир бирөөлөрдө чийки зат бар, бизде жашылча-жемиш  бар, кара металлургия бар.


Которгон: Илгиз Жамалбеков