К.Токаев Азербайжан президентине куттуктоо телеграммасын жиберди

К.Токаев Азербайжан президентине куттуктоо телеграммасын жиберди

Касым-Жомарт Токаев Президент Илхам Алиевди Азербайжандын 2024-жылы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы Тараптарынын 29-конференциясын кабыл алуучу өлкө болуп шайланышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул чечим өлкөнүн эл аралык аренадагы жогорку беделинин, Азербайжандын натыйжалуу жана прогрессивдүү саясатын таануунун, ошондой эле, глобалдык климаттык күн тартибинин бийик максаттарына берилгендигинин далили экенин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев кесиптешине Казакстан ар тараптуу жардам көрсөтүү менен катар, БУУнун климат боюнча саммитин ийгиликтүү жана натыйжалуу өткөрүүгө жигердүү катышууга даяр экенине ишендирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков