Ереванда ЖККУнун саммити өттү. Жыйынга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле жамааттык күчтөрдүн мүчө-мамлекеттеринин жетекчилери катышты. Саммиттин күн тартибине эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ошондой эле сессиялар аралык мезгилдеги ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу маселелери чыкты. Буга кошумча, тараптар каатчылыкка каршы туруу системасын жакшыртуу жана Арменияга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты. Сессиянын жүрүшүндө Жамааттык коопсуздук кеңешинин Декларациясы кабыл алынды. Ал эми 2023-жылы уюмга төрагалык кылуу Беларус Республикасына өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков