Казакстан Борбор Азия аймагын транспорттук-логистикалык
борборго айландырууга умтулууда. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри
Мурат Нуртилеу борбор калаада өтүп жаткан Азия коопсуздук жана кызматташтык
форумунда билдирди. Бул үчүн түндүк-түштүк жана чыгыш-батыш багыттары боюнча
трансконтиненталдык жана Транскаспий транспорттук коридорлорунун дараметин максималдуу
кеңейтүүгө артыкчылык берилет. Мындан тышкары Казакстан аймактык гидроэнергетикалык
консорциум түзүүнү сунуштоодо. Башкача айтканда, суунун тартыштык маалында калыс
жана сарамжалдуу бөлүштүрүү негизги маселеге айланды. Аймак ушул курч жалпы
көйгөйдүн түбүнө чыгуу үчүн биргелешип аракеттенет. Казакстанда Борбордук
Азияны жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн БУУнун хабын түзүү күн
тартибиндеги актуалдуу маселелердин бири болду. Себеби, эл аралык серепчилердин
пикиринде, Казакстан коопсуздук жана тынчтык орнотуу жагынан башкаларга
үлгү болушу керек.
Мухаммад Хасан Шейх Аль Ислами, Иран ТИМнин саясий жана эл аралык изилдөөлөр институтунун президенти:
- Бүгүнкү күндө тартылуу күчү батыштан чыгышка өзгөрүүдө. Мында Казакстандын ролу өзгөчө. Анткени Казакстан Чыгыш менен Батышты, түштүк менен түндүктү байланыштырган маанилүү түйүнгө айланып келет. Казакстан гүлдөп өнүгүүнүн көпүрөсүнө айланды десем аша чаппайм. Кыраакы өлкө жетекчилиги астында Казакстандын бул максатка жете турган күнү алыс эмес. Мындай мамлекет туруктуу өнүгүү максаттары жана адилет коомду калыптандыруу жагынан эл аралык деңгээлде маанилүү роль ойнойт.
Пэк Джу Хен, «EURASIA21FORUM» вице-төрагасы/Корея
- Казакстан эл аралык коомчулукка жана эл аралык экономикага өз алдынча мамилеси бар өлкө. Президент Токаевдин жетекчилиги астында Өкмөт татаал социалдык-экономикалык маселелерди биринчи орунга коюуда. Бул жагы ийгиликтүү чечилип жатканын байкадым. Казакстан Борбор Азияда жана бүтүндөй Евразияда тынчтык дүйнөсүн түзүү үчүн көп иштерди жасады. Маселен, бул жерге дүйнөнүн диний лидерлеринин башчылары кошулган. Бул абдан маанилүү. Анткени мындай иш-чаралар жыл сайын актуалдуу маселелерди талкуулап, аларды чечүүгө жаңы дем берет.
Эске сала кетсек, Борбор Азиядагы коопсуздук жана кызматташтык форуму борбор калаада “Азия өзгөрүп жаткан дүйнөдө: келечектин күн тартиби” деген теманын алдында өтүүдө. Ага Азия өлкөлөрүнөн 60тан ашык талдоочулар катышууда. Максаты – аймактын туруктуу өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков