Президент
Касым-Жомарт Токаев Будапештте Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине
катышты. Мамлекет башчынын айтымында, «Чыгыш менен Батыш айкалышкан жер»
деп аталган жыйын ири континенттин кеңири аймагын ээлеген түрк өлкөлөрүнүн
кызыкчылыктарына, стратегиялык максаттарына жана милдеттерине жооп берет.
Учурдагы татаал геосаясий кырдаалда уюмдун алкагында кызматташуунун мааниси
дагы жогорулады. Натыйжалуу
багыттардын бири-транспорт тармагындагы байланыш. Касым-Жомарт Токаев
стратегиялык милдет катары Орто коридорду Чыгыш менен Батыштын ортосундагы
негизги көпүрөгө айландырууну атады. Буга байланыштуу боордош өлкөлөр ири
инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, анын ичинде «Түндүк – Түштүк» багыты
боюнча эл аралык транспорттук байланышты өнүктүрүүгө чакырышты. Мамлекет
башчысынын айтымында, санариптештирүү жана маалыматтык технологиялар тармагында
кызматташуунун келечеги чоң. Быйыл өлкө Каспий деңизи аркылуу оптикалык була
кабелин
тартуу боюнча долбоорду ишке ашыра баштады. Натыйжада аймакта санариптик
байланыш бекемделет. Саммиттин жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары төрт
документти, анын ичинде уюмдун Будапешт декларациясын кабыл алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

