Астанада «Борбор Азия-Кытай» саммити башталды

Астанада «Борбор Азия-Кытай» саммити башталды

Астанада «Борбор Азия-Кытай» саммити өтүп жатат. Жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайдын жетекчилери катышууда. Саммиттин ишин ачып жатып, Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара ишениминин жана жалпы аракеттеринин натыйжасында коңшулук мамилеге, достукка жана колдоого таянган кызматташтыктын модели түзүлгөнүн белгиледи. 80 миллионго жакын калкы бар аймак, ички дүң өнүмдүн көлөмү боюнча 500 миллиард долларга жакын жана жаратылыш ресурстарына бай, эл аралык мамилелердин, ошондой эле соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыктын маанилүү субъектиси катары өзүнүн позициясын акырындык менен бекемдеп келет. Бул позитивдүү жараянда Кытай менен көп кырдуу интеграция негизги ролду ойнойт, - деди Президент. Катышуучулар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, транзиттик интеграцияны өнүктүрүү сыяктуу башка маселелерди талкуулашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков