Кичи шаарларды өнүктүрүү механизмдери колго алынат

Кичи шаарларды өнүктүрүү механизмдери колго алынат

Быйыл Балхаш жана Кулсары, Сатпаев жана Хромтау шаарларында индустриалдык аймактар түзүлөт. Ал эми Екибастузда баасы 140 миллиард теңгеге жеткен ферроэритме заводу курулат. Премьер-Министр Олжас Бектенов Караганды облусуна болгон иш сапарынын алкагында моно шаарларды өнүктүрүү маселелери боюнча республикалык кеңешме өткөрдү. Жыйында өкмөт башчы белгилегендей, Президенттин тапшырмасына ылайык чакан шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүзүлгөн. Натыйжада, кичи шаарлар үч топко бөлүнүп, ар бири үчүн артыкчылыктуу иш-чаралар аныкталды. Анын ичинде инженердик жана социалдык инфраструктураны жаңылоо, IT, агроөнөр жай комплекси, туризм жана илим чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, индустриалдык жана чакан өнөр жай зоналарын түзүү. Азыр өлкөдө 20 моно шаар бар. Өнөр жай өндүрүшүнүн үчтөн биринен көбү ушул шаарларга таандык.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Биз, албетте, ар бир шаарда оорукана, мектеп, стадион жана башка социалдык объектилерди кура алабыз, бирок жумуш болбосо ал жакта эч ким турбайт. Ошондуктан биз инвесторлорду тартып, аларга зарыл шарттарды түзүшүбүз керек. Аларга бош имараттарды, жер тилкелерин берүү, жаңы ишканаларды ачуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Эгерде мындай мамиле жок болсо, анда өнүгүү болбойт. Ошондуктан, негизги маселе-инвесторлорду тартуу. Азыр биз жыйынтыктарды Саран, Екибастуз жана башка шаарларда көрүп жатабыз, бирок бул багытта активдүү иштөө керек.

Олжас Бектенов президенттин аймактагы өнөр жай, турак жай-коммуналдык чарба жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча тапшырмасынын аткарылышын текшерди. Өкмөт башчы «Saran» индустриалдык аймагындагы ишканаларды жана региондогу бир катар башка өндүрүштөрдү кыдырды. Шахталардын жана жумушчулардын эмгек коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен таанышты. Энергетика жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорго көңүл бурду. Премьер өнөр жай жана курулуш министрлигине кызыкдар органдар менен бирдикте ишканалардын кубаттуулугун туруктуу камсыздап, чектеш өндүрүштөрдүн бардык тизмегин өнүктүрүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков