Эми Казакстан Бириккен Араб Эмираттарына биологиялык кошулмаларды жана айыл чарба өнүмдөрүн жеткирип, IT кызматтарын көрсөтөт. Тараптар Дубайда жалпы наркы 37 миллион долларды түзгөн бир катар келишимге кол коюшту. Бул өз ара кызматташуунун башталышы гана. Эмираттардын рыногу ата мекендик товарлар үчүн артыкчылыктуу экспорттук багыттардын тизмесине киргизилди. Казакстандык компаниялар БАЭге 440 миллион долларлык өнүмдүн 90го жакын түрүн жеткиүүгө даяр. Бул металлургия жана химия өндүрүшү, тамак-аш өнөр жайы, унаа жасоо, фармацевтикалык өнүмдөр. Эске сала кетсек, өткөн жылы ата мекендик ишкерлер Эмираттарга 560 миллион долларлык өнүм жөнөтүшкөн. Жакын арада эки тарап тең товар жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатышат.
Кайрат Төребаев, соода жана
интеграция вице-министри:
- Өткөн жылы жалпы суммасы 20
миллион долларга жакын келишимдерди түзгөнбүз. Бул жолу жалпы суммасы 37
миллион долларды түзгөн келишимдер түзүлдү. Бул негизинен макарон, суу, эт жана
башка айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту. Ал жактагы рыноктун суроо-талабы жогору.
Араб керектөөчүлөр премиум-сегментиндеги жогорку сапаттагы өнүмдөрдү сатып
алууну каалашат. Казак этинин сапаты, даамы алардын талабына жооп берет. Ошондуктан,
ал чоң суроо-талапка ээ.
Хани Омари, ишкер:
- Казакстандын соода өкүлүнүн
мындай иш-чарасын Дубайда өткөрүү эки өлкөнүн ишкерлеринин башын бириктирүү
үчүн абдан маанилүү. Биз кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койдук жана бул бизге
окшогон жеке компанияларга соода дараметтерибизди жогорулатуу үчүн жаңы
мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков