Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Президент Касым-Жомарт Токаев Транспорт-Логистика тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы «жашыл коридор» системасын уюштуруунун жана өлкөнүн логистикалык дараметин оптималдуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү үчүн рынокту авиа отун менен жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу зарыл деп эсептейт. Мындан тышкары мультипликативдик натыйжалуулукту жогорулатуу максатында өлкө аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү, анын ичинде дүйнөлүк жеткирүү чынжырына кошулуу милдети коюлган. Президент транспорт-логистика тармагындагы маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков