Касым-Жомарт Токаев Орусия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында “Борбор Азия – Борбордук” магистралдык газ түтүгү менен Орусиянын жаратылыш газын Казакстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга ташуу долбоорун ишке киргизүү аземине катышты. Салтанатка Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёев да күбө болушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул тарыхый окуя экенин баса белгиледи. Ал Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын энергетика тармагындагы стратегиялык кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн билдирди. Долбоор Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоодо чоң роль ойнойт. Белгилей кетсек, жылына 255 миллиард кубометрге чейин газ өткөрө ала турган магистралдык газ түтүгүнүн 20 миң чакырымдан ашууну өлкө аймагы аркылуу өтөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Казакстан өз аймагындагы магистралдык газ түтүгүн даярдоону өз убагында жана толук көлөмдө аяктады. Долбоор орусиялык газдын экспорттук каттамдарын ар тараптандырууга, Казакстандын газ транспорттук инфраструктурасын кеңейтүүгө жана модернизациялоого жардам берет. Ошондой
эле, Өзбекстандын жылына 3 миллиард куб метрге чейин жеткен жана жылдан жылга көбөйүп жаткан жаратылыш газына болгон муктаждыгын канааттандырууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, ал биздин өлкөлөрдүн өнөр жайын өнүктүрүүгө, бизнес чөйрөсүн жакшыртууга, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жаңы дем берет.
Телекөпүрөдө энергетика министри Алмасадам Саткалиев Атырау облусундагы “Макат” компрессордук станциясында “Борбор
Азия – Борбордук” газ түтүгүнүн казакстандык бөлүгү даяр экенин билдирди.
Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:
-«Казакгаз» ишканасы Өзбекстанга жөнөтүлгөн көгүлтүр отунду өзүнүн газ транспорт системасына ала баштады. Алгачкы этапта көлөмү 2,8 миллиард кубометр белгиленип, ал Өзбекстан Республикасынын энергетикалык комплексинин туруктуу иштешин камсыз
кылууга багытталат. Бул жылытуу мезгилинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү энергетикалык системасынын жүгү үчүн өзгөчө маанилүү. Бул транспортту ишке
ашыруу максатында Казакстан Республикасынын, Орусия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын магистралдык түтүктөрүн оңдоо боюнча бир топ иштер аткарылды. Компрессордук станциялар
модернизацияланып, жаңы өлчөө станциясы курулган. Бул иштер көгүлтүр отунду ташууга жол ачат.
Салтанатка катышкандан кийин Казакстан менен Орусиянын президенттери
эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жолугушууда мамлекет башчылары эки тараптын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо жолдору боюнча пикир алышты. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында,
Казакстан-Орусия мамилелери тез өнүгүп жатат. Өз кезегинде Владимир Путин эки тараптуу байланыштын деңгээли жогору болгону менен кызматташууну арттыруу керектигин айтты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков