Казакстан менен БАЭ 6,5 млн доллардын биргелешкен долбоорлорун жүзөгө ашырууда

Казакстан менен БАЭ 6,5 млн доллардын биргелешкен долбоорлорун жүзөгө ашырууда

Бириккен Араб Эмираттары - Казакстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылы өз ара товар жүгүртүү болжол менен 257 жарым миллион долларды түздү. 2005-2023-жылдар аралыгында Перс булуңунан экономикага 4 миллиард 100 миллион доллар түз инвестиция тартылган. Азыр өлкөдө 442 биргелешкен ишкана бар. Тараптар биргеликте алты жарым миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын бири-Жамбыл облусунда шамал станциясынын курулушу. Объекттин кубаттуулугу 1 гигаватт. Дагы 600 мегаватт топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Бекитилген Жол картасына ылайык, жаңы станция 2029-жылы ишке кириши керек.

Рүстем Кыдырбеков, Энергетика министрлиги жаңыртылган энергия булактары департаменти мүдүрүнүн орун басары:

- Биздин инвестициялык климат жакшы деңгээлде болгондуктан, Казакстанда стратегиялык маанилүү долбоорду ишке ашыруу чечими кабыл алынды. 2024-жылдын жетинин айында Азербайжанда өткөн СОР конференциясында Казакстандын энергетика министрлиги долбоорду ишке ашыруу боюнча MASDAR компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койду. Бул долбоордун конкреттүү талаптары бекитилгенин билдирет. Башкача айтканда, инвесторлор шамал өлчөө иштери аяктагандан кийин курулуш иштерине кирише алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков