К. Токаев «Швейцария – Казахстан» парламенттик достук тобунун мүчөлөрүн кабыл алды

К. Токаев «Швейцария – Казахстан» парламенттик достук тобунун мүчөлөрүн кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев менен «Швейцария – Казакстан» парламенттик достук тобунун мүчөлөрү бүгүн Акордада Астана менен Берндин ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыктын келечегин, ошондой эле ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Мамлекет башчысы республика бул өлкө менен көп жылдык мамилеге чоң маани берерин белгиледи. Швейцария – Казакстандын Европадагы ишенимдүү өнөктөшү. Ал эми швейцариялык депутаттардын сапары кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон жалпы умтулууну тастыктайт. Өз кезегинде парламенттик достук тобунун координатору Филиппо Ломбарди швейцариялык тараптын биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков