Жалпысынан дээрлик 1 миллиард долларлык 26 долбоор жүзөгө ашырылды. Мындан тышкары дээрлик 23 миллиард сомдук дагы 84 ири долбоор иштелип жатат. Волгоградда эки өлкөнүн чек ара аймактарында биргелешкен иштердин жаңы пландары талкууланды. Белгилей кетсек, 2021-жылы Орусиянын аталган аймагынын Казакстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 70%га өскөн. Ал эми 2022-жылы өлкө өз ара соода жүгүртүү боюнча аймактагы 114 өнөктөш өлкөнүн ичинен 4-орунду ээледи. Тышкы соода жүгүртүү 222 миллион долларды түздү. Негизинен Казакстандан унаа жасоо жана химия өнүмдөрү экспорттолот. Волгоград облусу республикага мунай өнүмдөрүн жана кара металлургияны жеткирет. Эки тарап тең артыкчылыктуу багыттар боюнча экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар.
Анна Писемская, Волгоград облусунун губернаторунун орун басары:
- Райондун ишканалары Казакстандын ишканалары менен өндүрүштүк байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип жатышат. Кызматташуу бар, бирок биз алдыбызга чоң максаттарды коюп жатабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы мындай кооперацияны күчөтүү үчүн биздин ишканаларга жигердүү жардам берүүгө ниеттенүүдөбүз.
Казакстан Атырау облусуна чектеш Волгоград облусу менен биргелешип айыл чарба жерлерин мелиорациялоо мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Ермек Кошербаев, Казакстандын Орусиядагы элчиси:
- Бүгүнкү күндө металлургия, мунай жана газ, химия жана албетте, курулуш материалдарын өндүрүү. Бирок Волгоград облусу Айыл чарба аймагы экендигин эске алганда, жыл сайын жети миллион тонна дан өндүрөт, бул мал чарбасында өтө чоң сумма. Бул жерде Едилбаев тукумундагы койлорду асылдандыруу борборлору бар. Айыл чарбасында чогуу иштеше турган көп нерсе бар деп ойлойм.
Волгограддын 200дөн ашык ишканалары Казакстандын компаниялары менен экономикалык байланыштарды жүргүзүп жатышат. Жакынкы арада кызматташтыкты тереңдетүү үчүн казакстандык жана орусиялык өндүрүшчүлөрдүн жолугушуулары пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков