Казакстанда атом тармагын өнүктүрүүнүн
узак мөөнөттүү пландары иштелип чыгат. Эскерте кетсек, бул тууралуу Өкмөттүн
кеңейтилген жыйынында Президент Касым-Жомарт Токаев айткан. Ал белгилегендей,
өсүп жаткан энергодефиттин фонунда өлкө биринчи атомдук электр станциясын
тездетип курууга жана жалпысынан өзөктүк кластерди түзүүгө муктаж. Мындан
тышкары, талдоо келечектеги АЭСтерди куруу үчүн ылайыктуу жерди аныктоо үчүн
керек. Натыйжада өлкө электр энергиясы менен өзүн-өзү толук камсыздоого чыгып,
15-20% резерв түзүшү керек. Бул зарылчылыкты Мажилистин депутаттары дагы баса
белгилешет. Парламентарийлер белгилегендей, мындай станциялардан алынган
энергия башка булактарга караганда арзан эле эмес, экологиялык жактан да таза.
Бул өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн маанилүү милдет.
Ерлан Саиров,
Парламент мажилисинин депутаты:
- Биз Президенттин
демилгесин колдойбуз, бул - Казакстан Республикасында жаңы экономикалык
мамилелерди түзүүгө болгон кадам; Биз бул сунушту стратегиялык жактан туура деп
эсептейбиз. Президент бир нече АЭС болуш керек экендигин айтты. Ал эми арзан
электр энергиясы бүгүнкү күндө керек. Эмне үчүн? Президент 2029 – жылга чейин
ИДӨдү эки эсеге көбөйтүү үчүн 15 ири завод курулуп жатат, ал эми бул заводдорду
куруу жана иштетүү үчүн бизге арзан ата мекендик электр энергиясы керек деген
так тапшырма койду. Ал эми бүгүн биз электр энергиясын,
тилекке каршы, импорттоп жатабыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

