Казакстан менен Орусия жалпы баасы 25 млрд долларды түзгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырды

Казакстан менен Орусия жалпы баасы 25 млрд долларды түзгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырды

Казакстан менен Орусиянын эки тараптуу кызматташтыгы бүгүн Акордада талкууланды. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жумушчу сапары менен келген Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди кабыл алды. Алар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин чыңдалышын, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын натыйжалуу ишке ашырылышын белгилешти. Касым-Жомарт Токаев Орусия республиканын негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү бойдон кала берерин баса белгиледи. Орусиянын президентинин Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду. Ал бугу айына пландаштырылган. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, даярдык иштеринин алкагында көп кырдуу эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бүткүл комплекси кайрадан каралып чыкты. Өз кезегинде Михаил Мишустин мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы улуттук референдумдун ийгиликтүү өтүшү жана жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Биздин мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташтык кандай өнүгүп жатканы маалым. 25 миллиард долларга жакын суммадагы 122 ири долбоор ишке ашырылды. Сооданын көлөмү 30 миллиард долларга ишенимдүү жакындап келе жатат. Бул уникалдуу натыйжалар деп айтсак болот. Орусия биздин негизги соода-экономикалык, инвестициялык өнөктөшүбүз, биз буга, албетте, кубанычтабыз.


Михаил Мишустин, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы:


Учурдан пайдаланып, Орусиянын президенти Владимир Владимирович Путиндин сизге эң жакшы каалоолорун жеткирүүгө уруксат этиңиз. Жакында эле мен анын сиз менен болгон эки тараптуу мамилелерибиздин күн тартибин, ошондой эле бугу айында боло турган сапарына даярдыкты кеңири талкууладым. Өкмөт бул сапар, мурункуларындай эле ийгиликтүү болушу үчүн бардыгын жасап жатат. Сиздин өткөн жылдын жетинин айында Орусия Федерациясына болгон сапарыңызды жылуу сезимдер менен эстейбиз. Биздин лидерлер тарабынан коюлган бардык милдеттерди өкмөттөр бүгүнкү күнгө чейин иштеп чыгууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков