Сенат ЕАЭБ алкагында бажы алымдарын бөлүштүрүү тартибин кабыл алды

Сенат ЕАЭБ алкагында бажы алымдарын бөлүштүрүү тартибин кабыл алды

Казакстан Президентинин реформаларын мыйзамдык жактан камсыз кылуу Сенаттын негизги артыкчылыгы бойдон кала берет. Бул тууралуу бүгүн Палатанын спикери Маулен Ашимбаев билдирди. Мамлекет башчысынын тапшырмаларынын арасында-жаңы бюджет жана салык кодекстерин кабыл алуу менен жер казынасын пайдалануучулардын жана санариптик активдердин бирдиктүү платформасын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн инфраструктураны түзүү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алуу бар. Ошондой эле, жогорку палатанын отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бажы алымдарын эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартиби жактырылды. Башкача айтканда, Биримдиктин тиешелүү макулдашуусуна киргизилген түзөтүүлөрдү жана өзгөртүүлөрдү Казакстан  тарап ратификациялады. Документ бажы алымдарын башкарууда тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган. Ал бирдиктүү экономикалык мейкиндикке товарларды ташып келүүдө же экспорттоодо колдонулуучу алымдар. Аталган протоколду бекитүү өлкөнүн бюджетине бажы чегерүүлөрүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат.

Берик Шолпанкулов, Улуттук банкы төрагасынын орун басары:

- Мамлекет башчылары өкмөткө өлкөлөрдүн макроэкономикасы өзгөрүп жатканын эске алганда, бул ыкма өзү сезимтал болушу үчүн мамилелерди өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырышты. Бул бизге улуттук валютада өз ара милдеттенмелерди аткарууга мүмкүндүк берет. Тагыраагы документти жактыруу катышуучу өлкөлөрдүн бажы төлөмдөрү боюнча өз ара милдеттенмелерин аткаруусуна жаңы дем берет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков