Казакстан мунай өндүрүүнү 82 миң баррелге кыскартат

Казакстан мунай өндүрүүнү 82 миң баррелге кыскартат

Казакстан мунай өндүрүүнү ыктыярдуу түрдө суткасына 82 миң баррель деңгээлинде кыскартат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим ОПЕК+ уюмуна кирген башка өлкөлөр менен министрлердин жолугушуусунда айтылды. Ошентип, Казакстанда мунай өндүрүү 2024-жылдын үчтүн айынын 1нен тартып жалган куран айынын аягына чейин суткасына 1 миллион 468 миң баррелге чейин азаят. Келечекте рыноктун шартына жараша кыскартылган кошумча көлөм акырындык менен калыбына келтирилет. Бул өз кезегинде мунай рыногунда туруктуулукту камсыздоого багытталган. Казакстан чын куран айында да кара алтын өндүрүүнү суткасына 78 миң баррелге кыскартуу чечимин кабыл алган. Ал келерки жылдын бештин айынын аягына чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков