Казакстан экономикасына тике чет мамлекеттик инвестициялардын көлөмү да дээрлик үчтөн бир эсе өстү. Бүгүнкү күндө Казакстан Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы негизги өнөктөшү болуп саналат. Бул тууралуу салтанаттуу иш-чарада Европанын тышкы аракеттенүү кызматынын башкаруучу мүдүрү Михаель Зиберт билдирди. Ал ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташуу да ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, иш-чарада казак дизайнерлеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары, улуттук ашкананын тамактары сунушталды.
Айгүл Жансерикова, «QAZAQ-ONER» улуттук ассоциациясынын президенти:
- Искусство жана кол өнөрчүлүк аркылуу маданиятыбызды, анын тарыхын, өзгөчөлүктөрүн көрсөтө алабыз. Бардык таанытуу иш-чараларында казак улуттук маданияты жана анын өкүлдөрү чоң кызыгууну жаратат. Ошондуктан мен Брюсселге биздин бай мурасыбызды тартуулаган кол өнөрчүлөрдүн жана чеберлердин буюмдарын алып келдим.
Елена Ван Харитонова, креативдүү продюсер:
- Казакстан азыр Европадагы маданий иш-чаралардын чордонунда турат. Бардык европалыктарды жалпысынан маданият, ошондой эле музыка, оймо-чийме, мода, дизайн, архитектура, маданий жана чыгармачылык индустриянын бардык тармактары кызыктырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков