Касым-Жомарт Токаевдин Белградга болгон расмий сапарынын алкагында Казакстан менен Сербия 10 документке кол коюшту. Алардын баары өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган. Документтер артыкчылыктуу чөйрөлөрдө – космостук ишмердүүлүк, коргонуу-өнөр жай комплекси, санариптик технологиялар, туризм, билим берүү тармагында кызматташууга тиешелүү. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Казакстан менен Сербиянын башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдына чыгып, сапардын жемиштүү жана стратегиялык мааниси тууралуу маалымат беришти. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, транспорт-логистика тармагында, "жашыл" энергетикада биргелешкен долбоорлор күтүлүүдө. Президент агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыкка өзүнчө токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Сербиянын айыл чарбасында топтогон чоң тажрыйбасын эске алуу менен биз
өз ара пайдалуу байланыштарды бекемдөөгө макулдаштык. Ветеринария, генетикалык
ресурстарды кеңейтүү, органикалык айыл чарба, өсүмдүктөрдүн биотехнологиясы
маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилди. Ошондой
эле агрардык профилдеги окуу жайлар менен илимий-изилдөө уюмдарынын ортосунда
өнөктөштүк мамилелерди түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Касым-Жомарт
Токаев белгилегендей, Астана менен
Белграддын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар өзгөчө мааниге ээ.
Президент Казакстан биргелешкен билим берүү, илимий жана маданий долбоорлорду
ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. Мамлекет башчылары глобалдык жана
регионалдык коопсуздук боюнча да пикирлерин айтышты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Казакстан менен Сербия эл аралык
жана аймактык деңгээлде тыгыз мамиле түзүштү. Биз көптөгөн актуалдуу маселелер боюнча окшош
позицияларды карманабыз. Азыркы татаал геосаясий кырдаалда биз көп
тараптуу структуралардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө
кызыкдар экенибизди тастыктадык.
Сербиянын быйылкы жазда суу ташкыны учурунда казакстандыктарга каржылык колдоо көрсөтүүсү эки өлкө ортосундагы чыныгы кызматташтыктын жана достуктун мисалы болуп саналат. Ал эми Касым-Жомарт Токаев серб элине жана Александр Вучичке чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Александр Вучичти келерки жылы Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков