Казакстан менен Орусия соода алаканы 30 млрд долларга чейин жеткирүүгө кызыкдар

Казакстан менен Орусия соода алаканы 30 млрд долларга чейин жеткирүүгө кызыкдар

Казакстан менен Орусия өз ара товар алмашууну 30 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода 28 миллиардга жетти, ал эми 2025-жылдын беш айында 9 жарым миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Астанада өткөн жолугушууда билдиришти. Тараптар буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар эки өлкөнүн ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык демилгелерге негизделгенин белгилешти. Ошондой эле, тараптар Казакстан менен Орусиянын XXI аймактар аралык кызматташтык форумуна даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Иш-чара ушул жылдын күзүндө Урал шаарында өтөт. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки өлкөнүн ортосундагы бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков