Казакстандын президенти бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Казакстандын президенти бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн Акордада Кипр Республикасынын, Жапониянын, КЭРдин, Австриянын, Буркина-Фасонун, Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын, Жаңы Зеландиянын, Даниянын жана Словениянын 9 мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин Казакстандын Президентине ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Касым-Жомарт Токаев дипломаттарга кайрылып, Казакстан глобалдык масштабда да, аймактык масштабда да тынчтыкты сүйгөн тышкы саясат жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Өлкө эл аралык аренада активдүү оюнчу жана Борбор Азиядагы эң ири экономика болуп саналат. Мамлекет башчысы белгилегендей, Казакстандын рыногу экономикалык кызматташтык үчүн ачык. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.

Марк Джулиан, Жаңы Зеландиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Жаңы Зеландия менен Казакстан жылуу мамиледе. Бизде соода жана инвестиция, ядролук жайылтпоо, тынчтык жана коопсуздук сыяктуу маанилүү маселелер боюнча жалпы максаттар жана кызыкчылыктар бар.

Хань Чунльин, КЭРнын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Кытай менен Казакстан-орток тоолор жана дарыялар менен байланышкан жакшы коңшулук, өз ара ийгилик жана өсүү үчүн жакшы достор жана жакшы өнөктөштөр. Биздин эки тараптуу мамилелерибизде жакшы динамика жана өнүгүү байкалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков