Казакстандын президенти Улан-Батордо Монголиянын Улуу мамлекеттик Хуралынын
төрагасы менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев мыйзам чыгаруу органдарынын
диалогу казак-монгол мамилелерин илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча деп эсептейт.
Ошондой эле депутаттардын достук тобу парламенттер аралык байланыштарды
чыңдоодо чоң роль ойноорун белгиледи. Дашзэгвийн Амарбаясгалан парламенттер
аралык интеграцияны мындан ары бекемдөө жана укуктук базаны кеңейтүү максатында
биргелешкен ишке даяр экендигин ырастады. Президент ошондой эле Монголиянын
премьер-министри менен жолугушту. Мамлекет башчысы жогорку деңгээлде жетишилген
келишимдерди сапаттуу аткаруу үчүн эки өлкөнүн өкмөттөрү биргелешкен
күч-аракеттерди жумшашы керектигин белгиледи. Премьер-министр өз кезегинде
Монголия Өкмөтү кабыл алынган чечимдерди аткарууга даяр экендигин ишендирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков