Чет өлкөлөрдө референдум өткөрүү боюнча бардык 74 участкалык комиссия өз ишин аяктады. Алардын баары Казакстандын 59 мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аймагында уюштурулду. Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына караганда, 12 307 мекендештин дээрлик 10 миңи өз тандоосун жасады. Бул шайлоочулардын 81 пайыздан жогорку катышуусун камсыздады. Улуу Британиядагы казакстандыктар да жарандык милдетин аткарышты. Алардын көпчүлүгү билим алууга умтулган студенттер. Активдүү жаштардын айтымында, бул тарыхый референдум, анда Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясын куруу маселеси чечилип жатат. Муну менен катар шайлоо участкаларында өз тандоосун жасагандардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөөсү менен келишкен.
Биз үй-бүлөбүз менен шайлоого катышып, өлкөнүн эртеңин ойлоп, өзүбүздүн тандообузду жасаганыбызды туура деп эсептейбиз. Казакстандын келечеги биз үчүн ар дайым жогорку деңгээлде болушун каалайбыз.
Биз мындай референдум болот деп ойлогон эмеспиз. Чет өлкөдө жүрүп добуш бергенибизге абдан кубанычтабыз. Албетте, добуш берүүдө элибиздин келечеги жөнүндө ойлонуп, анын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет.
Мындан тышкары Бельгиянын борбору Брюсселдеги «Казинформ» агенттигинин кабарчысынын маалыматына караганда, шайлоо участогунда добуш берүү жогорку деңгээлде өттү. Жалпысынан 200дөн ашык адам катталган. Алар мекендештер, дипломаттар жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү, ошондой эле Европа жана эл аралык уюмдарда иштеген студенттер.
Алима Елдес, Люксембург университетинин студенти:
– Мен Люксембург университетинин магистратурасында окуйм. Кечээ Люксембургдан Бельгияга атайын келип, Брюсселдеги шайлоо участогундагы референдумда добуш бердим. Мен үчүн бул глобалдык көйгөй. Бул маселе боюнча өз пикиримди билдирүү маанилүү болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков