Казакстан Республикасынын Президенти Премьер-министрдин орун басары – Маданият жана маалымат министрин кабыл алды. Аида Балаева Касым-Жомарт Токаевге мамлекеттин социалдык саясатын ишке ашыруунун негизги багыттары, атап айтканда, мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, адам капиталын өнүктүрүү жана тармакты санариптештирүү чаралары тууралуу баяндады. Президентке маданият жана маалымат, дин жана этностор аралык мамилелер, жарандык коом, ошондой эле үй-бүлө, жаштар саясаты тармактарында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Мамлекет башчысы аталган багыттарды мындан ары өркүндөтүүнү тапшырды.
Светлана Жакупова президентке эмгек жана социалдык коргоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндады. Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри акыркы беш жылда 2,7 миллион адам жумушка тартылганын билдирди. Сапаттуу жумуш орундарын түзүү үчүн аймактык жол картасы жана жыл сайынкы KPI ишке ашырылууда. Ошондой эле, мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө арналган Бирдиктүү санарип платформасын түзүү боюнча активдүү иш жүргүзүлүп жатат. Бул муктаж жарандарга конкреттүү жардам көрсөтүүгө жана колдоо чараларынын натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөт. Касым-Жомарт Токаев жумуш менен камсыз кылуунун сапатын жакшыртууга, социалдык колдоо механизмдерин андан ары санариптештирүүгө, пенсиялык системаны жана миграциялык саясатты өркүндөтүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

