Жылдын аягына чейин Казакстан ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы сегиз өткөрүү пунктун жаңыртат. Инфраструктураны жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда. Көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында чек ара пункттарынан өтүү убактысы 2 сааттан жарым саатка чейин кыскарды. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы Казакстан элине кайрылуусунда транспорттук-логистикалык тармакты мындан ары өнүктүрүү зарылдыгына өзгөчө токтолгон. Өлкө «Түндүк – Түштүк», «Чыгыш – Батыш» коридорлору жана Транскаспий транспорттук маршруту аркылуу транзиттик дараметин пайдаланышы керек.
Максат Калиакпаров, Транспорт министринин орун басары:
- Казакстандын чек арасы боюнча 55 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын 14ү тышкы, ал эми 41и Евразия экономикалык биримдигинин ички бажы чек арасында жайгашкан. 4 өткөрүү пункту боюнча иштер аяктады. Калгандары боюнча иштер 2026 жана 2027-жылдары жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

