Казакстан менен Италиянын товар жүгүртүүсү өткөн жылы
16 миллиард доллардан ашкан. Ал эми 2024-жылдын 8 айында өз ара соода-алмашуу көлөмү дээрлик 14
миллиардга жетти. Экспортко
келе турган болсок,
өткөн жылы ал болжол менен 15
миллиардды түзсө, 2024-жылы
АКШ валютасында 13 миллиардга жакындады.
Өсүштүн негизги драйверлери: мунай, көмүр, зыгыр уруктары, пропилен полимерлери болуп саналат. Бул тууралуу
Миланда өткөн эки тараптуу форумдун жүрүшүндө айтылды. Анда казак тарап «Made
with Italy» концепциясын киргизүүнү сунуштады. Бул италиялык
компаниялар менен өнөктөштүктө өндүрүлгөн товарларды эл аралык рынокторго
жайылтууга жана алардын позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Бул идеянын
маанилүү бөлүгү-тажрыйба
борборлорду түзүү. Алар казакстандык өнүмдүн сапатынын европалык стандарттарына өтүү
үчүн зарыл, бул европалык рынокко тезирээк чыгууга мүмкүндүк берет.
Арман Шаккалиев, соода жана
интеграция министри:
- Бүгүнкү миссияга айыл чарба, мунай сервис кызматтары, жеңил өнөр жайы, туризм жана IT сыяктуу тармактарды камтыган 50дөн ашык казакстандык ишкана катышты. Бизде беш негизги багыт бар. Тактап айтканда, биринчиден, айыл чарбасын кайра иштетүү, органикалык өнүм, экинчиден, бул жогорку өнүм, унаа жасоо, үчүнчүдөн, биз бул жүк ташуучу унаалардын келечеги жөнүндө сүйлөштүк, төртүнчүдөн, бул ИТ-технологияларга байланыштуу маселелер жана бешинчиден бул туризм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков