Бул сот актысы жокко чыгарылган кезде ишти биринчи инстанциядагы сотко кайтарбастан, апелляциянын тиешелүү чечимге даттануунун процесстик нормаларын талаптагыдай колдонууну камсыз кылат. Жогорку Соттун Төрагасы мамлекет башчысына сот тутумунун акыркы алты айдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Асламбек Мергалиев Касым-Жомарт Токаевге сот процессинен бюрократияны алып салууга жана анын ачыктыгын камсыздоого багытталган мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу айтып берди. Өз кезегинде мамлекет башчысы сотто адам укуктарынын корголушун жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков