Венгрияга мамлекеттик визит менен келген президент Касым-Жомарт Токаевди Будапешттеги Падыша сарайынын Арстандар аянтында расмий тосуп алуу салтанаты өттү. Мамлекет башчысын аскердик оркестрдин коштоосунда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан тосуп алды. Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Андан кийин ардактуу кароол жана атчан гвардия салтанат менен параддан өтүштү. Касым-Жомарт Токаев менен Виктор Орбан расмий делегациянын мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков