Казакстанда жаңы шаар пайда болот. Ал Алматы облусунда жайгашкан Жетиген айылынан түзүлүп, Алатау деген жаңы аталышка ээ болот. Президенттин тиешелүү жарлыгы жетинин айынын 29на чейин коомдук талкууга коюлду. Өкмөткө бардык зарыл иштерди аткаруу тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, Жетиген конушу Алматыдан элүү чакырым алыстыкта жайгашкан. Акыркы маалыматтар боюнча, анда 20 миңге жакын тургун жашайт. Айылдан анча алыс эмес жерде аэродром жайгашкан. Бүгүнкү күндө Алматы облусу жигердүү өнүгүп келет. Быйыл аймакта өлкөнүн транзиттик-транспорттук дараметин чыңдоо максатында жаңы темир жол линиясынын курулушу башталып, атайын экономикалык аймак түзүлдү. 2048-жылга чейин АЭАнын алкагында 3,7 триллион теңгеге жакын инвестиция тартылат. Ошондой эле, 17 триллион теңгеден ашык суммага товарлар менен кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков