Казакстан менен Монголия өз ара кызматташтыкты арттырууда

Казакстан менен Монголия өз ара кызматташтыкты арттырууда

Монголиянын Президенти мамлекеттик сапар менен Казакстандын борборуна келет. Саясий серепчилердин айтымында, алдыдагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн мамилесинде жаңы доорду ачат. Астана менен Улан-Батор ортосунда туруктуу саясий диалог түзүлүп, ага Касым-Жомарт Токаевдин 2024-жылдын тогуздун айындагы сапары күчтүү дем берген. Ошол учурда тараптар стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен декларацияга жана ар түрдүү тармактарда 11 келишимге кол коюшкан, ошондой эле 2027-жылга чейин соода-экономиканы өнүктүрүү боюнча жол картасы бекитилген. Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 130 миллион доллардан ашты. Казак товарларынын экспорту өз ара сооданын дээрлик бардык көлөмүн түзөт. Акыркы жылдары экспорттун түрлөрү бир кыйла кеңейди: салттуу нан азыктарынан тышкары Казакстан азыр дары-дармектерди жана фармацевтиканы, желим таңгактарды, даяр тамак-аш азыктарын экспорттойт. Монголиянын өлкөгө негизги импорту текстиль, ошондой эле эт, импорттун 90%дан ашыгын түзөт. Өлкөлөр азыр өз ара соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирүү боюнча чоң максат коюшту.

Бауыржан Аукен, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун Азия изилдөөлөр бөлүмүнүн алдыңкы серепчиси:

– Биздин мамлекет башчыларынын жолугушууларынын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири Казакстан менен Монголиянын ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыкты оптималдаштыруу болмокчу, бул мындан аркы өнүгүүгө жана товар жүгүртүүнүн көлөмүн 500 миллион доллар чейин жеткирүүгө олуттуу түрткү болору талашсыз. Казакстан товарларды гана эмес, IT сыяктуу кызматтарды да экспорттоо үчүн олуттуу дараметке ээ.

Которгон: Илгиз Жамалбеков