Казакстан Пакистанга экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө даяр.
Ата мекендик ишкерлер тез арада жеткирүү көлөмүн 800 өндүрүштүк товарга арттырууга
ниеттенүүдө. Тактап айтканда, казакстандык бизнес дан жана төө буурчак, өсүмдүк
майы, макарон, ун жана кондитердик азыктарды ташууга кызыкдар. Алардын жалпы
баасы болжол менен 412 миллион долларга бааланууда. Бүгүнкү күндө
республика Пакистанга кара металлдын сыныктарын, минералдык жер семирткичтерди,
жашылчаларды, дан азыктарын экспорттойт. Белгилей кетсек, эки тараптын
кызматташтыгынын келечеги чоң. Муну жер казынасын пайдалануу, агроөнөр жай
комплекси, жеңил өнөр жай, транспорт жана логистика тармагында байкоого болот.
Акыркысы өнөктөштүктү жандандырууда чечүүчү роль ойноорун белгилей кетүү керек.
Пакистандын порттору Казакстандын өнүмдөрүн Түштүк Азия рыногуна экспорттоого
чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат. Бул ата мекендик өндүрүшчүлөргө түштүк деңиз
портторуна мүмкүн болушунча кыска жол менен жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков