Казакстан автоуна өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүдө

Казакстан автоуна өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүдө

Өткөн жылы эле өлкөдө 77,5 миңден ашык автоунаа чыгарылды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу бир жарым эсеге көп. Адистер өлкөдө жеңил унааларды гана эмес, автобустар жана атайын техникалар да жигердүү өндүрүлөрүн айтышат. Ата мекендик унаа транспорт өнөр жайы өндүрүшүнүн өсүшү менен катар, анын экспорттук дарамети да артып келе жаткандыгын белгилей кетүү керек. «Made in Kazakhstan» деген аталыш менен чыгарылган автоунаалар КМШ өлкөлөрүндө чоң суроо-талапка ээ.

Ербол Сейпилов, Казакстан Унаа бизнес бирикмесинин техникалык жөнгө салуу боюнча мүдүрү:

- 2020-жылы КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Беларуска 8 миңден ашуун автоунаа экспорттолгон. Бул көрсөткүч мамлекеттер ортосундагы Тышкы иштер министрлигинин туура саясий мамилелеринин, ошондой эле, заводдордун өздөрү башка өндүрүүчүлөр, башка дилерлер, башка өлкөлөрдөгү дистрибьюторлор менен тыгыз кызматташкандыгынын аркасында болуп жатат.

Адистердин эсебинде, чет өлкөлөргө экспорттолгон казакстандык автоунаалардын көлөмү жыл сайын өсүүдө. Бул бир нече факторлорго байланыштуу. Биринчиден, мамлекеттин аталган тармакты колдоосу жана транспорт өндүрүшүнүн өсүшү. Ушул жылдын аягына чейин өлкөдө 100 миңге жакын автоунаа чыгаруу мерчемделип жатат. Буга кошумча, Казакстан жаңы рынокторго чыгууга ниеттенүүдө.

Ербол Сейпилов, Казакстан Унаа бизнес бирикмесинин техникалык жөнгө салуу боюнча мүдүрү:

- 2020-жыл автоунаа өндүрүү жаатында абдан жакшы натыйжаларды көрсөттү, жалпысынан алганда 2020-жылы расмий дилерлер 93 миң автоунаа сатышты. Эгер жаңы 3 унаа сатылса, анын экөө сөзсүз ата мекендик өнүм болот. Ошондой эле, 2020-жылы жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча маанилүү иш-чаралар болду. Жаңы өндүрүш ишканалары биринчи жолу Костанайда, андан кийин Алматы шаарында, Караганды облусунда автобустарды кураштыра турган завод ишке берилди. Мындан тышкары, Саран шаарында дөңгөлөктөрдү чыгаруучу завод өз ишин баштады.

Серепчилер чет элдик инвестициялардын каражаты жаңы автоунаа заводдорун ачууга жана өнүмдүн түрүн кеңейтүүгө жардам берет деген пикирде. Бүгүнкү күндө коңшу мамлекеттер, ошондой эле, Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кытай жана Түштүк Корея Казакстандын унаа өнөр жайы тармагына жигердүү түрдө инвестиция салууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков