Казакстан өткөн жылга салыштырмалуу дүйнөлүк атаандаштык боюнча IMD рейтингинде көтөрүлдү. Өлкө 64 мамлекеттин ичинен 37-орунду ээледи. Анда экономикалык ишмердүүлүк, өкмөттүн жана бизнестин натыйжалуулугу сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынды. Белгилей кетсек, биринчи жарым жылдыкта эле экономикага 13 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган. 210 жаңы инвестициялык долбоор ишке киргизилди. Бул орто мөөнөткө жалпы ИДӨ туруктуу өсүшүн камсыз кылат. Ошондой эле, машина жасоо тармагы рекорддук темп менен өсүп келет. Тармак көрсөткүчү болжол менен үчтөн бирге жакын өскөн. Бул жаатта транспорт жана электр жабдыктарын өндүрүү багытындагы көрсөткүчтөр мындан да жогору болду. Анын өсүшү 41% жана 32% көрсөттү.
Алибек
Куантыров, Улуттук экономика министри:
- Үстүбүздөгү
жылдын 10 айында Казакстан 65 миллиард долларлык товар экспорттоду. Бул жаатта
кайра иштетилген товарларды жеткирүү 21
миллиардга жетти. Жалпысынан 2023-жылдын аягына карата Казакстандын ИДӨ 5% өсөт
деп күтүлүүдө. Өкмөт инфляция деңгээлин көзөмөлдөө жана аны төмөндөтүү боюнча
комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда. Атап айтканда, бааны турукташтыруу
механизми кайра форматталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков